МЮЗИКЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЮЗИКЛ (англ. musical comedy - музыкалык комедия­нын кыскартылып айтылышы) - көбүнчө күндөлүк турмушта колдонулуучу музыкалык жанрлар­га таянуу менен хореогр., драмалык, опералык иск­волордун жетишкендиктерин пайдаланган музыкалык жанр. Опереттадан айырмаланып, М. татаал, өнүктүрүлгөн драматургия жана жалаң комедия­лык мүнөзгө эле эмес, терең драмалык деңгээл­ге ээ болот. Музыкалык көркөм искусствонун жаңы жан­ры катары М. 1920-30-жылдарда Америкада пайда болгон. Ал эми 1940-60-жылдары М. бүт­күл дүйнөгө тараган. Кыргыз музыкалык искусствосунда алгачкы М-ды композитор, аранжировщик Э. Кадырбаев («Махабат жылдызы», 2004, либ­реттосу акын К. Урмамбетовдуку) жазган.