МЮЗИКЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МЮЗИКЛ (англ. musical comedy - музыкалык комедиянын кыскартылып айтылышы) - көбүнчө күндөлүк турмушта колдонулуучу музыкалык жанрларга таянуу менен хореогр., драмалык, опералык искволордун жетишкендиктерин пайдаланган музыкалык жанр. Опереттадан айырмаланып, М. татаал, өнүктүрүлгөн драматургия жана жалаң комедиялык мүнөзгө эле эмес, терең драмалык деңгээлге ээ болот. Музыкалык көркөм искусствонун жаңы жанры катары М. 1920-30-жылдарда Америкада пайда болгон. Ал эми 1940-60-жылдары М. бүткүл дүйнөгө тараган. Кыргыз музыкалык искусствосунда алгачкы М-ды композитор, аранжировщик Э. Кадырбаев («Махабат жылдызы», 2004, либреттосу акын К. Урмамбетовдуку) жазган.