МЭЭЛЕЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЭЭЛЕЙ, к о л к а п — колго кийилчү кийим. Жүндүү териден, жаргактан, булгаарыдан, таар­дан, калың ноотудан бармагынан башкасы туюк же салаалуу (беш салаа) жасалат, ошондой эле жүн, кебез, тыбыт, жибек жиптерден эки, үч, беш салаа чыгарылып токулат. Булгаары, нооту жана сокмо М-лер сууктан колду сактоо үчүн, ал эми тери, жаргак, таар М-лер колду механикалык таа­сирлерден сактоо үчүн, жалаң кат булгаары жана жибек М-лер сулуулук үчүн кийилет. Электр тогунан же уулуу заттардан сактануу максатын­да резинадан жасалган М-лер да бар.