МЭЭЛЕЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МЭЭЛЕЙ, к о л к а п — колго кийилчү кийим. Жүндүү териден, жаргактан, булгаарыдан, таардан, калың ноотудан бармагынан башкасы туюк же салаалуу (беш салаа) жасалат, ошондой эле жүн, кебез, тыбыт, жибек жиптерден эки, үч, беш салаа чыгарылып токулат. Булгаары, нооту жана сокмо М-лер сууктан колду сактоо үчүн, ал эми тери, жаргак, таар М-лер колду механикалык таасирлерден сактоо үчүн, жалаң кат булгаары жана жибек М-лер сулуулук үчүн кийилет. Электр тогунан же уулуу заттардан сактануу максатында резинадан жасалган М-лер да бар.