МЫШЬЯК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЫШЬЯК (латынча Arsenicum), Аз - элементтер­дин мезгилдик системасынын V тобундагы химиялык элемент. Катар номери 33, атомдук массасы 74,92, балкып эрүү 4 814°С, бозомук . тарткан, морт кристалл. Жаңы сын­дырган жери жалтырак, абада Аз2Оэтүн жука кабыкчасы менен капталып, тез күнүрттөнөт. Жа­ратылышта туруктуу 75Аз изотобу түрүндө кез­дешет. Жер кыртышында массасы боюнча 5‘10“4% . Кыргызстанда чыгуучу калай, сурьма ж.б. кен бай­лыктарынын курамында кездешет. Тыгызд. 5,73 г/см³ 615°Ста эрибестен, бууга өтөт (воз­гонка). Кычкылдануу даражасы -3, +3 жана +5. Нымдуу абада жана ысытуудан кычкылданат. Сууда жакшы эрип, 5 жана 12 молекула суусу бар кристалл гиддраттарды пайда кылат. Га­логендер, концент. НЬЮ3, Н28О4, «падыша ара­гы» менен жылуулуктун таасиринде жана жегич­тер менен аракеттенет. Абада 400°Стан жогору ысытканда күйүп, Аз2О3 пайда. болот. Күкүрт

менен ысытканда сульфиддер Аз484, Ав283 алынат. Сульфиддер сууда жана суюлтулган кислоталарда эри­бейт. М. кислотасынын Н3АвО4 туздары арсенаттар деп аталат. М-ты щелочтор менен эриткенде мы­шьяктуу кислотанын туздары - арсениттер алынат. Металлдар менен куймаларды пайда кылат. Ме­таллдар менен эриткенде көбүнчө арсениддер пайда болот. М-ты күкүрт менен ысытканда суль­фиддер: Аз48, Аз283, Аэ285 алынат. Бардык суль­фиддери сууда жана суюлтулган кислоталарда эри­бейт. Кычкылтек менен оксиддерди Аз2О3 - мы­шьяктуу ангидрид, Аз2О5 - мышьяк ангидри­дин берет. Ө. ж-да мышьяк колчеданын ысы­туудан FeAsS =Ге8 + Аз, ошондой эле Аз2О3тү жана АзС13тү көмүр же суутек менен калыбына кел­тирүүдөн алынат. М. Си, РЬ, 8п куймаларынын курамына кирет жана жарым өткөргүч материал катары колдонулат. М. бирикмелери өтө уу зат­тар, а. ч-да уу химикат катары колдонулат.