МЫШЬЯК
МЫШЬЯК (латынча Arsenicum), Аз - элементтердин мезгилдик системасынын V тобундагы химиялык элемент. Катар номери 33, атомдук массасы 74,92, балкып эрүү 4 814°С, бозомук . тарткан, морт кристалл. Жаңы сындырган жери жалтырак, абада Аз2Оэтүн жука кабыкчасы менен капталып, тез күнүрттөнөт. Жаратылышта туруктуу 75Аз изотобу түрүндө кездешет. Жер кыртышында массасы боюнча 5‘10“4% . Кыргызстанда чыгуучу калай, сурьма ж.б. кен байлыктарынын курамында кездешет. Тыгызд. 5,73 г/см³ 615°Ста эрибестен, бууга өтөт (возгонка). Кычкылдануу даражасы -3, +3 жана +5. Нымдуу абада жана ысытуудан кычкылданат. Сууда жакшы эрип, 5 жана 12 молекула суусу бар кристалл гиддраттарды пайда кылат. Галогендер, концент. НЬЮ3, Н28О4, «падыша арагы» менен жылуулуктун таасиринде жана жегичтер менен аракеттенет. Абада 400°Стан жогору ысытканда күйүп, Аз2О3 пайда. болот. Күкүрт
менен ысытканда сульфиддер Аз484, Ав283 алынат. Сульфиддер сууда жана суюлтулган кислоталарда эрибейт. М. кислотасынын Н3АвО4 туздары арсенаттар деп аталат. М-ты щелочтор менен эриткенде мышьяктуу кислотанын туздары - арсениттер алынат. Металлдар менен куймаларды пайда кылат. Металлдар менен эриткенде көбүнчө арсениддер пайда болот. М-ты күкүрт менен ысытканда сульфиддер: Аз48, Аз283, Аэ285 алынат. Бардык сульфиддери сууда жана суюлтулган кислоталарда эрибейт. Кычкылтек менен оксиддерди Аз2О3 - мышьяктуу ангидрид, Аз2О5 - мышьяк ангидридин берет. Ө. ж-да мышьяк колчеданын ысытуудан FeAsS =Ге8 + Аз, ошондой эле Аз2О3тү жана АзС13тү көмүр же суутек менен калыбына келтирүүдөн алынат. М. Си, РЬ, 8п куймаларынын курамына кирет жана жарым өткөргүч материал катары колдонулат. М. бирикмелери өтө уу заттар, а. ч-да уу химикат катары колдонулат.