МУНДУЗ (Сузак р-ну, С. Атабеков атындагы айыл аймагы)
МУНДУЗ — Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. С. Атабеков атындагы айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 690 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 11 км түштүк тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 18 км. Калкы 1784 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана бар. Кыштактын аты анда жашаган мундуз уруусуна байланыштуу пайда болгон.