МУНДУЗ (Сузак р-ну, С. Атабеков атындагы айыл аймагы)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУНДУЗ — Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нун­дагы кыштак. С. Атабеков атындагы айыл аймагы­на караштуу. Деңиз деңгээлинен 690 м бийиктикте жай­гашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 11 км түштүк тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекети­нен 18 км. Калкы 1784 (2009); негизинен дый­кан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана бар. Кыштактын аты анда жашаган мундуз уруусуна байланыштуу пайда болгон.