МОЙНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЙНОК - 1) тоонун кырындагы ийри белес, өркөчтөнгөн бел баскак жерлер; 2) кургактык­тын эки ири массивин же эки материкти ту­таштырып, эки суу мейкиндигин бөлүп турган кууш тилке, мисалы, Африка менен Азияны бирик­тирген Суэц мойногу, Финн булуңу менен Ладога көлүнүн ортосундагы тилке - Карел мойногу ж. б. Топоним катары да Кыргызстандын аймагын­да кеңири таралган: Көк-Мойнок, Кара-Мойнок, Таш-Мойнок, Мойнок ашуусу ж. б.