МОЙНОК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МОЙНОК - 1) тоонун кырындагы ийри белес, өркөчтөнгөн бел баскак жерлер; 2) кургактыктын эки ири массивин же эки материкти туташтырып, эки суу мейкиндигин бөлүп турган кууш тилке, мисалы, Африка менен Азияны бириктирген Суэц мойногу, Финн булуңу менен Ладога көлүнүн ортосундагы тилке - Карел мойногу ж. б. Топоним катары да Кыргызстандын аймагында кеңири таралган: Көк-Мойнок, Кара-Мойнок, Таш-Мойнок, Мойнок ашуусу ж. б.