МАРЖА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРЖА - 1) биржа бюллетенинде көрсөтүлгөн сатылуучу баа менен биржа товарынын сатып алынуучу баасынын ортосундагы айырма, ал биржадан сатып алынып, кайра сатылуучу то­вардын деңгээлине жараша болот; 2) кеңири маа­ниде: банктык, биржалык, соода, камсыздан­дыруу практикасында проценттик ставка менен бир учурда, бир жерде, бирок ар кандай шартта сатыкка чыгарылган баалуу кагаздын курсунун, товардын баасынын ортосундагы айырма. «Айырма», «пайда» деген сөздөр мааниси боюнча М-га жакын.