МАРЖА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАРЖА - 1) биржа бюллетенинде көрсөтүлгөн сатылуучу баа менен биржа товарынын сатып алынуучу баасынын ортосундагы айырма, ал биржадан сатып алынып, кайра сатылуучу товардын деңгээлине жараша болот; 2) кеңири мааниде: банктык, биржалык, соода, камсыздандыруу практикасында проценттик ставка менен бир учурда, бир жерде, бирок ар кандай шартта сатыкка чыгарылган баалуу кагаздын курсунун, товардын баасынын ортосундагы айырма. «Айырма», «пайда» деген сөздөр мааниси боюнча М-га жакын.