МАКСВЕЛЛ
МАКСВЕЛЛ Жеймс Клерк (13. 6. 1831, Эдинбург - 5. 11. 1879, Кембриж) - англ. физик, классикалык электр-динамиканы түзүүчү, статикалык физиканы негиздөөчүлөрдүн бири. Лондон королдук коомунун мүчөсү (1860). Эдинбург (1847-50) жана Кембриж университеттеринде билим

алган (1856-60). Маришал коллежинде (1856-60), Лондон (1860-65) жана Кембриж (1871-жылдан) университеттеринде проф. Улуу Британиядагы Кавендиш лабор. уюштуруп, анын 1-директору болгон. Фарадейдин идеясын өнүктүрүп, электр-магнит талаасынын закондорун 4 дифференциалдык тендеме түрүндө берген (к. Максвелл теңдемеси). Жылышуу тогу жөнүндөгү түшүнүктү илимге сунуштаган, жарыктын электр-магниттик табияты тууралуу идеяны айтып, анын ылдамдыгын жогорку тактыкта аныктаган. Молекулалардын статистикалык бөлүштүрүлүшүн (к. Максвелл бөлүштүрүүсү) аныктаган. Газдардын илээшкектигин, диффузиясын жана жылуулук өткөргүчтүгүн изилдеп, Сатурн шакекчеси айрым телолордон турарын айткан. Оптика, термодинамика, колориметрия боюнча эмгектери бар. Бирдиктердин СГС системасында магнит агымынын бирдиги М-дин ысымынан аталган.