МАКСВЕЛЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКСВЕЛЛ Жеймс Клерк (13. 6. 1831, Эдин­бург - 5. 11. 1879, Кембриж) - англ. физик, классикалык электр-динамиканы түзүүчү, ста­тикалык физиканы негиздөөчүлөрдүн бири. Лон­дон королдук коомунун мүчөсү (1860). Эдин­бург (1847-50) жана Кембриж университеттеринде билим

алган (1856-60). Маришал коллежинде (1856-60), Лон­дон (1860-65) жана Кембриж (1871-жылдан) университеттеринде проф. Улуу Британиядагы Кавендиш лабор. уюштуруп, анын 1-директору болгон. Фарадейдин идеясын өнүк­түрүп, электр-магнит талаа­сынын закондорун 4 диф­ференциалдык тендеме тү­рүндө берген (к. Максвелл теңдемеси). Жылы­шуу тогу жөнүндөгү түшүнүктү илимге сунуштаган, жарыктын электр-магниттик табияты тууралуу идеяны айтып, анын ылдамдыгын жогорку так­тыкта аныктаган. Молекулалардын статисти­калык бөлүштүрүлүшүн (к. Максвелл бөлүш­түрүүсү) аныктаган. Газдардын илээшкектигин, диффузиясын жана жылуулук өткөргүчтүгүн изил­деп, Сатурн шакекчеси айрым телолордон тура­рын айткан. Оптика, термодинамика, колори­метрия боюнча эмгектери бар. Бирдиктердин СГС системасында магнит агымынын бирдиги М-дин ысымынан аталган.