МАДУРАЙ
МАДУРАЙ, М а д у р а - Түштүк Индиядагы шаар. Тамилнад штатында. Калкы 1,0 миллион (2006). Т. ж. түйүнү. Текстиль ө. ж-нын (кебез-кездеме) ири борбору. Кол өнөрчүлүк (токуу, жыгач бедерлөө) өнүккөн. Индиядагы эң эски шаар. Булактарда биздин заманга чейинки 3-к-дан эскерилет. Эң зор Шива храм комплекси (12-17-к.) «миң колонналуу» залы
менен (1560-жылы чен), ошондой эле архитектуралык эстеликтер сакталган.
