МАДУРАЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
МАДУРАЙ, М а д у р а - Түштүк Индиядагы шаар. Тамилнад штатында. Калкы 1,0 миллион (2006). Темир жол түйүнү. Текстиль өнөр жайынын (кебез-кездеме) ири борбору. Кол өнөрчүлүк (токуу, жыгач бедерлөө) өнүккөн. Индиядагы эң эски шаар. Булактарда биздин заманга чейинки III кылымдан эскерилет. Эң зор Шива храм комплекси (XII-XVII кылымдар) «миң колонналуу» залы
менен (1560-жылы чен), ошондой эле архитектуралык эстеликтер сакталган.
