МААЛЫМАТ РЫНОГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МААЛЫМАТ РЫНОГУ - рынок шартында са­тып алуучулар менен сатуучуларды маалымат менен камсыз кылган механизм (рынок түрү); информациялык продукцияларды (китеп, маалымат ба­засы, ЭЭМ үчүн программа, маалымат техни­касын) сатуу жана информациялык тейлөө (китепкана адабияттарына, архив документтерине, даректик ба­зага кирүүгө мүмкүндүк түзүү) иштерин жүргүзүү­чү рыноктун сегменти. М. р. учурдагы жаңы рынок экономикасын түзүүдө өзгөчө мааниге ээ. Ал негизинен интернет түйүнүндө жүргүзүлөт. Анын функцияларына маалыматтын асиммет­риялык төмөндөшү жана рынок механизминин натыйжалуулугунун жогорулашы, калктын жана фирмалардын трансакциялык чыгымдары­нын төмөндөшү, жаңылануулардын жайылы­шы, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жаңы технология­ларды колдонуу аркылуу жогорулатуу кирет. М. р-н 4 топко (илимий маалымат, массалык маа­лымат, коммерциялык маалымат, билим) бөлү­нөт, к. Интернет, Интернет-дукөн, Рынок.