МААЛЫМАТ РЫНОГУ
МААЛЫМАТ РЫНОГУ - рынок шартында сатып алуучулар менен сатуучуларды маалымат менен камсыз кылган механизм (рынок түрү); информациялык продукцияларды (китеп, маалымат базасы, ЭЭМ үчүн программа, маалымат техникасын) сатуу жана информациялык тейлөө (китепкана адабияттарына, архив документтерине, даректик базага кирүүгө мүмкүндүк түзүү) иштерин жүргүзүүчү рыноктун сегменти. М. р. учурдагы жаңы рынок экономикасын түзүүдө өзгөчө мааниге ээ. Ал негизинен интернет түйүнүндө жүргүзүлөт. Анын функцияларына маалыматтын асимметриялык төмөндөшү жана рынок механизминин натыйжалуулугунун жогорулашы, калктын жана фирмалардын трансакциялык чыгымдарынын төмөндөшү, жаңылануулардын жайылышы, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жаңы технологияларды колдонуу аркылуу жогорулатуу кирет. М. р-н 4 топко (илимий маалымат, массалык маалымат, коммерциялык маалымат, билим) бөлүнөт, к. Интернет, Интернет-дукөн, Рынок.