ЛУВР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУВР - Париждеги архитектуралык эстелик; сүрөт музейи, дүйнөлүк көркөм дөөлөттүн залкар казынасы. Л. имараты 13-14-к-да курулган. Л-ду кеңейтип куруу иши 19-к-дын 50-жылда­рыначейин созулган. 1791-жылы революциячыл Конвент­тин декрети менен Л. улуттук көркөм сүрөт му­зейине айланган. 2000-жылдардын башында

Луврдун чыгыш жак маңдайы. 1667-72. Архитек­тор К. Перро.

35 миңге жакын бирдик экспонаты болгон. Ба­йыркы чыгыштык, байыркы египеттик, ба­йыркы гректик жана римдик экспонаттар, скульптура (о. кылымдын) кайра жаралуу доо­рунун, жаңы жана соңку мезгилдердин, живо-

Луврдагы Аполлон галереясы. 1660-жыл­дар. Арх. Л. Лево, декоратор III. Лебрен.

пись, сүрөт, жасалга-колдонмо өнөр экспонат­тары бөлүмдөрү бар. Анда дүйнөлүк мааниси бар «Милостук Афродита» (биздин заманга чейинки 2-к., автору бел­гисиз), Леонардо да Винчинин «Аскадагы Ма­донна», «Жоконда», мындан башка Микеланже­ло, Рембрандт, Рафаэль, Рубенс ж. б. сүрөтчү­лөрдүн чыгармалары бар.