ЛОМОНОСОВ КЫРКА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОМОНОСОВ КЫРКА ТООСУ - Түндүк Муз океан­дагы суу астындагы кырка тоо. Жаңы Сибирь а-нан (океандын ортосу менен) Канадалык Арк­тика архипелагындагы Элсмир а-на чейин 1800 кмге созулуп жатат. Туурасы 60-200 км. Океан таманынан 3300-3700 м бийик көтөрүлөт. Тоонун кырынан океандын үстүнкү бетине че­йинки эң тайыз жери 900 м. Капталдары са­лыштырмалуу тик, каньондуу, кумдуу ылай ме­нен капталган. 1948-жылы советтик экспедиция ачкан; М. В. Ломоносовдун ысмынан аталган.