ЛОМОНОСОВ КЫРКА ТООСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛОМОНОСОВ КЫРКА ТООСУ - Түндүк Муз океандагы суу астындагы кырка тоо. Жаңы Сибирь а-нан (океандын ортосу менен) Канадалык Арктика архипелагындагы Элсмир а-на чейин 1800 кмге созулуп жатат. Туурасы 60-200 км. Океан таманынан 3300-3700 м бийик көтөрүлөт. Тоонун кырынан океандын үстүнкү бетине чейинки эң тайыз жери 900 м. Капталдары салыштырмалуу тик, каньондуу, кумдуу ылай менен капталган. 1948-жылы советтик экспедиция ачкан; М. В. Ломоносовдун ысмынан аталган.