ЛИРА
ЛИРА (латынча Ьуга) - Түндүк жарым шардагы топ жылдыз. КМШнын аймагынан жазында, жайында жана күзүндө жакшы көрүнөт. Жайкы жана күзгү кечте асмандын Түндүк жарым шарында үч бурчтук түрүндө жайгашкан үч жарык жылдыз бөлүнүп турат. Алар: Лиранын Вегасы, Ак Куунун Денеби, Бүркүттүн Альтаири. Л. байыркы грек мифи Орфей менен тыгыз байланышкан.