ЛИРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛИРА (грекче 1уга) - 1) байыркы гректердин 7-11 кылдуу чертме музыкалык аспабы; 2) о. кылымдагы жаалуу кыл аспап, тулкусу алмурут сымал; 3) 16-17-к-да Италияда пайда болгон скрипка сымал жаалуу кыл аспап; 4) байыркы гректердин Л-сына окшош гитара-лира. 18-к-да Фран-

цияда жасалган. Батыш Европа менен Россияга 19-к-дын 30-жылдарына чейин тараган; 5) чабандес аскер Л-сы - металлофон; 6) чагарактуу Л. - ал органиструм деген ат менен о. кылымда кеңири тараган. Европа элдеринде ар түрдүү ат менен колдонулуп келген. Россияга 17-к-дан маалым. 20-к-да сейрек кездешет. Украинада, Беларуссияда Л-нын оркестрге ылайыкталган түрү сакталган. Өтмө маанидеги Л. - поэзиянын (искусствонун) эмблемасы же символу.