ЛАПЕРУЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:00, 27 Август (Баш оона) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛАПЕРУЗ Жан Франсуа де Гало (Па1аир) [22. 8. 1741, Ле-Гюа, Альби ш-на жакын - 1788] - фр. деңиз саякатчысы, граф. 1756-жылдан ас­кер флотунда болгон. 1785-88-ж. «Буссоль» ж-а «Астролябия» кайыктары м-н дүйнөнү ай­ланып чыккан экспедицияны жетектеген. Тынч океандын аралдарын, Американын түн.-батыш жээктерин (Горн тумшугун айланып, Пасхи, Гавайи а-на ж-а Аляска булуңуна өткөн), Чы­гыш Азияны ж-а Татар кысыгын изилдеген. Өзүнүн атынан аталган кысыкты, Монерон а-н, о. эле Сахалин м-н Хоккайдо а-нын ортосунда­гы кысыкты ачкан. Ал жетектеген экспедиция Сидней ш-нан (Австралия) түндүктү карай чы­гып, дайынсыз жоголгон. Алардын экспедиция­сы түшкөн кайыктын калдыктары 1826-, 1828- ж-а 1964-ж. Ваникоро (Санта-Круз а. тобу) а-нан табылган.