ЛАПЕРУЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЛАПЕРУЗ Жан Франсуа де Гало (Па1аир) [22. 8. 1741, Ле-Гюа, Альби ш-на жакын - 1788] - фр. деңиз саякатчысы, граф. 1756-жылдан аскер флотунда болгон. 1785-88-ж. «Буссоль» ж-а «Астролябия» кайыктары м-н дүйнөнү айланып чыккан экспедицияны жетектеген. Тынч океандын аралдарын, Американын түн.-батыш жээктерин (Горн тумшугун айланып, Пасхи, Гавайи а-на ж-а Аляска булуңуна өткөн), Чыгыш Азияны ж-а Татар кысыгын изилдеген. Өзүнүн атынан аталган кысыкты, Монерон а-н, о. эле Сахалин м-н Хоккайдо а-нын ортосундагы кысыкты ачкан. Ал жетектеген экспедиция Сидней ш-нан (Австралия) түндүктү карай чыгып, дайынсыз жоголгон. Алардын экспедициясы түшкөн кайыктын калдыктары 1826-, 1828- ж-а 1964-ж. Ваникоро (Санта-Круз а. тобу) а-нан табылган.