КОШ-ДӨБӨ (Москва районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 11 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ-ДӨБӨ – Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Беловодский айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 700 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Беловодский кыштагынан 3 км түндүк тарапта. Беловодский темир жол бекетинен 6 км. Калкы 1394 (2007); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, дарыкана бар.