ООРДУК БОРБОРУ
ООРДУК БОРБОРУ - мейкиндикте ар кандай абалда жайгашкан нерсенин бардык бөлүкчөлөрүнө аракеттенүүчү күчтөр өтүүчү ошол нерседеги чекит. Эгерде эркин нерсени улам бир чекити аркылуу жипке асып отурсак, анда жиптердин багыттары О. б-нда кесилишет. Симметриялуу борборго ээ болгон бир тектүү нерсенин (тегерек, куб, шар ж. б.) О. б. анын симметрия борборунда жайгашкан. Катуу нерсенин О. б. нерсенин масса борборуна дал келгендиктен, ал нерсенин О. б. анын массасынын борбору деп аталат. Симметрия огу (шар, цилиндр ж. б.) бир тектүү нерсенин О. б. өзүндө, ал эми бир тектүү эмес нерселердин (татаал шакек, татаал тор ж. б.) О. б. нерсенин сыртында жатат.