ООРДУК БОРБОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ООРДУК БОРБОРУ - мейкиндикте ар кандай абалда жайгашкан нерсенин бардык бөлүкчө­лөрүнө аракеттенүүчү күчтөр өтүүчү ошол нерсе­деги чекит. Эгерде эркин нерсени улам бир че­кити аркылуу жипке асып отурсак, анда жип­тердин багыттары О. б-нда кесилишет. Симмет­риялуу борборго ээ болгон бир тектүү нерсенин (тегерек, куб, шар ж. б.) О. б. анын симметрия борборунда жайгашкан. Катуу нерсенин О. б. нерсенин масса борборуна дал келгендиктен, ал нерсенин О. б. анын массасынын борбору деп аталат. Симметрия огу (шар, цилиндр ж. б.) бир тектүү нерсенин О. б. өзүндө, ал эми бир тектүү эмес нерселердин (татаал шакек, татаал тор ж. б.) О. б. нерсенин сыртында жатат.