ОКТЯБРЬ (Аламүдүн р-ну)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОКТЯБРЬ - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Октябрь айыл аймагына караштуу. Чүй д-нын боюнда, деңиз деңгээлинен 595 м бийиктик­те жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 50 км түндүк тарапта. Бишкектен 45 км. Кыштак 1923-жылы негизделген. Калкы 4322 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, 3 китепкана, оорукана, дарыка­на, 2 ФАП, маданият үйү бар. Чакан ишканалар, айылдык ден соолук комитети, соода жана тамакта­нуу жайлары, турмуш-тиричилик кызматы, базарчалар иштейт.