ОКТЯБРЬ (Аламүдүн р-ну)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ОКТЯБРЬ - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Октябрь айыл аймагына караштуу. Чүй д-нын боюнда, деңиз деңгээлинен 595 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 50 км түндүк тарапта. Бишкектен 45 км. Кыштак 1923-жылы негизделген. Калкы 4322 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, 3 китепкана, оорукана, дарыкана, 2 ФАП, маданият үйү бар. Чакан ишканалар, айылдык ден соолук комитети, соода жана тамактануу жайлары, турмуш-тиричилик кызматы, базарчалар иштейт.