ОВЧАРОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОВЧАРОВ Степан Семёнович (1909, азыркы Баш­кыртстан, Алыпеев району, Ново-Константинов­ка кыш. - 14. 10. 1943, Верхний-Днепр району, сөөгү Калужино кыш-на коюлган) - Советтик Союз.

Баатыры (1944). Советтик Ар­мияга 1941-жылы Токмок аскер комиссариатынан чакырыл­ган. 1942-жылдан аракетте­ги армияда. Улуу Ата Ме­кендик согушта 197-гвар­диялык артиллерия полку­нун (Талаа фронту, 37-ар­мия, 92-гвардиялык аткыч­тар дивизиясы) командири. 1943-жылы 8-октябрда өзүнүн аткычтар бөлүкчөсү менен

Днепр д-нан Днепровокаменка (Верхне-Днепров району) айлынын тушунан өтүп, душмандын 3 курадың^ок атуучу жерин, дзотун талкалап, жөө аскерлер үчүн жол ачкан. 10-октябрда анын расчету 20 танк менен болгон салгылашта эрдик көрсөткөн. Аягында өзү жалгыз калып, дагы 2 танканы талкалаган. О. гитлерчилер курчоосун­да калып, баатырларча курман болгон. Ленин ордени менен сыйланган. Днепрокаменка кыш-на эстелиги тургузулган.