ОВЧАРОВ
ОВЧАРОВ Степан Семёнович (1909, азыркы Башкыртстан, Алыпеев району, Ново-Константиновка кыш. - 14. 10. 1943, Верхний-Днепр району, сөөгү Калужино кыш-на коюлган) - Советтик Союз.
Баатыры (1944). Советтик Армияга 1941-жылы Токмок аскер комиссариатынан чакырылган. 1942-жылдан аракеттеги армияда. Улуу Ата Мекендик согушта 197-гвардиялык артиллерия полкунун (Талаа фронту, 37-армия, 92-гвардиялык аткычтар дивизиясы) командири. 1943-жылы 8-октябрда өзүнүн аткычтар бөлүкчөсү менен

Днепр д-нан Днепровокаменка (Верхне-Днепров району) айлынын тушунан өтүп, душмандын 3 курадың^ок атуучу жерин, дзотун талкалап, жөө аскерлер үчүн жол ачкан. 10-октябрда анын расчету 20 танк менен болгон салгылашта эрдик көрсөткөн. Аягында өзү жалгыз калып, дагы 2 танканы талкалаган. О. гитлерчилер курчоосунда калып, баатырларча курман болгон. Ленин ордени менен сыйланган. Днепрокаменка кыш-на эстелиги тургузулган.