ОБЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБЬ - Батыш Сибирдеги дарыя. Дүйнөдөгү ири дарыялардын бири; суусунун молдуулугу боюнча Түндүк Азиядагы Енисей, Ленадан кийинки 3-да­рыя. Алтайдагы Бий жана Катын д-нын кошу­лушунан түзүлүп, Батыш Сибирь түздүгү аркы­луу жайык өрөөн менен көп салааларга бөлүнүп агат. Кара (Карск) деңизинин Обь колтугуна куярда аянты 4 миң км2 келген дельтаны пайда кылат. Узундугу 3650 км (Иртыштын башталышы­нан 5410 км), алабынын аянты 2990 миң км2.

Негизги куймалары: Томь, Чулым, Кеть, Тым, Вах ж. б. (оң); Васюган, Чоң Юган, Иртыш, Түндүк Сосьва ж. б. (сол). Орт. чыгымы Барнаул ш. тушта 1420 л«3/секдан, Салехард ш. тушта 12 300 м3/сек, эң көбү 42 800 м?/сек. Негизинен кар суусунан куралат. Суусу жогорку агымында апрелден июлга, төмөнкү агымында сентябрга чейин ташкындайт. Жылына 16 миллион т шилен­ди агызып келет. Жогорку агымы ноябрда то­ңуп, апрелде, төмөнкү агымы июндун башында ачылат. Кеме жүрөт. О. д-нда Новосибирск ГЭСи жана суу сактагычы курулган. Алабынан Бар­наул, Камень-на-Оби, Новосибирск, Колпашё­во, Стрёжевой, Нижневартовск, Мегион, Сургут, Нефтеюганск, Лабытнанги ш. орун алган.

Дарыянын жогорку бөлүгү.

Ад.: Доманицкий А. П„ Дубровине Р. Г., Исае­ва Анын Ичинде Реки и озера Советского Союза. Л., 1971.