ОБЬ
ОБЬ - Батыш Сибирдеги дарыя. Дүйнөдөгү ири дарыялардын бири; суусунун молдуулугу боюнча Түндүк Азиядагы Енисей, Ленадан кийинки 3-дарыя. Алтайдагы Бий жана Катын д-нын кошулушунан түзүлүп, Батыш Сибирь түздүгү аркылуу жайык өрөөн менен көп салааларга бөлүнүп агат. Кара (Карск) деңизинин Обь колтугуна куярда аянты 4 миң км2 келген дельтаны пайда кылат. Узундугу 3650 км (Иртыштын башталышынан 5410 км), алабынын аянты 2990 миң км2.
Негизги куймалары: Томь, Чулым, Кеть, Тым, Вах ж. б. (оң); Васюган, Чоң Юган, Иртыш, Түндүк Сосьва ж. б. (сол). Орт. чыгымы Барнаул ш. тушта 1420 л«3/секдан, Салехард ш. тушта 12 300 м3/сек, эң көбү 42 800 м?/сек. Негизинен кар суусунан куралат. Суусу жогорку агымында апрелден июлга, төмөнкү агымында сентябрга чейин ташкындайт. Жылына 16 миллион т шиленди агызып келет. Жогорку агымы ноябрда тоңуп, апрелде, төмөнкү агымы июндун башында ачылат. Кеме жүрөт. О. д-нда Новосибирск ГЭСи жана суу сактагычы курулган. Алабынан Барнаул, Камень-на-Оби, Новосибирск, Колпашёво, Стрёжевой, Нижневартовск, Мегион, Сургут, Нефтеюганск, Лабытнанги ш. орун алган.
Ад.: Доманицкий А. П„ Дубровине Р. Г., Исаева Анын Ичинде Реки и озера Советского Союза. Л., 1971.
