О’КЕИСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

О’КЕЙСИ Шон (30. 3. 1880, Дублин - 18. 9. 1964, Девоншир, Торки) - ирланд жазуучусу жана дра­матургу. Дублин иш таштоосуна (1913, август - 1914, январь) катышкан. «Аткычтын

көлөкөсү», «Юнона жана тоос» (1925), «Соко жана жылдыздар» (1926) деген драмалык үчил­тигинде 20-к-дын 10-20- жылдарындагы улуттук­боштондук кыймыл көрсө­түлгөн. 30-жылдардын ая­гында О’К-нин чыгармала­рында дүйнөнү поэтикалык кабылдоо менен революциялык көз караш айкалыш бериле баш­таган. Драмалык чыгарма­лары: «Учуп жүргөн аары» (1937), «Үйүмдөгү күзгү» аттуу 6 томдук эпопея (1939-54); «Жыл­дыздын чоктой кызарышы» (19.40), «Магадеген кызыл розалар» (1942), «Короз-мырза» (1949), «Епископ оту» (1955) ж. б.; «Жашыл

карга» (1956), «Түстүү калпак алдында» (1963), «Кар­гыш жана алкоо» (1967) деген макала жыйнак­тары бар. О’К-нин публицистикалык чыгармалары тынчтык үчүн күрөштө маанилүү роль ойногон.