О’КЕИСИ
О’КЕЙСИ Шон (30. 3. 1880, Дублин - 18. 9. 1964, Девоншир, Торки) - ирланд жазуучусу жана драматургу. Дублин иш таштоосуна (1913, август - 1914, январь) катышкан. «Аткычтын

көлөкөсү», «Юнона жана тоос» (1925), «Соко жана жылдыздар» (1926) деген драмалык үчилтигинде 20-к-дын 10-20- жылдарындагы улуттукбоштондук кыймыл көрсөтүлгөн. 30-жылдардын аягында О’К-нин чыгармаларында дүйнөнү поэтикалык кабылдоо менен революциялык көз караш айкалыш бериле баштаган. Драмалык чыгармалары: «Учуп жүргөн аары» (1937), «Үйүмдөгү күзгү» аттуу 6 томдук эпопея (1939-54); «Жылдыздын чоктой кызарышы» (19.40), «Магадеген кызыл розалар» (1942), «Короз-мырза» (1949), «Епископ оту» (1955) ж. б.; «Жашыл
карга» (1956), «Түстүү калпак алдында» (1963), «Каргыш жана алкоо» (1967) деген макала жыйнактары бар. О’К-нин публицистикалык чыгармалары тынчтык үчүн күрөштө маанилүү роль ойногон.