НУРДУН КОШ СЫНЫШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРДУН КОШ СЫНЫШЫ - жарык нуру ани­зотропиялык бир октуу кристаллга түшкөндө НУРДУН эки башка бурч менен сынышы. Ал чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү жарыктын полярлар­ланышына жана таралуу багытына көз каран­дылыгынан пайда болот. Н. к. с. алгач 1669-жылы Копенгаген университетинин проф. Э. Вартолин тара­бынан ачылган. Эгерде жарык нуру кристалл­дын бетине перпендикулярдуу түшсө, анда ал эки нурга ажырайт, бири сынуу законуна баш ийгендиктен, кадимки нур деп аталат, анын та­ралуу ылдамдыгы жана сынуу көрсөткүчү

багы­тына көз каранды болбойт. Экинчиси жарык­тын сынуу законуна баш ийбегендиктен, кадим­ки эмес нур деп аталып, анын ылдамдыгы жана сынуу көрсөткүчү таралуу багытына байланыш­туу болот. Кадимки жана кадимки эмес нурлар­дын ортосундагы бурч нурдун кош сынуу бурчу деп аталат. Н. к. с. анизотропиялык чөйрөдөгү электр-магниттик толкундардын таралуусунун өзгөчөлүгү менен аныкталат. Жарык толкунун электр талаасы Е зат аркылуу өтүп, андагы элек­трондорду аргасыз термелүүгө алып келет. Тер­мелген электрондор өз учурунда экинчи жарык нурлануусунун булагы болуп калат.