НУРДУН КОШ СЫНЫШЫ
НУРДУН КОШ СЫНЫШЫ - жарык нуру анизотропиялык бир октуу кристаллга түшкөндө НУРДУН эки башка бурч менен сынышы. Ал чөйрөнүн сынуу көрсөткүчү жарыктын полярларланышына жана таралуу багытына көз карандылыгынан пайда болот. Н. к. с. алгач 1669-жылы Копенгаген университетинин проф. Э. Вартолин тарабынан ачылган. Эгерде жарык нуру кристаллдын бетине перпендикулярдуу түшсө, анда ал эки нурга ажырайт, бири сынуу законуна баш ийгендиктен, кадимки нур деп аталат, анын таралуу ылдамдыгы жана сынуу көрсөткүчү
багытына көз каранды болбойт. Экинчиси жарыктын сынуу законуна баш ийбегендиктен, кадимки эмес нур деп аталып, анын ылдамдыгы жана сынуу көрсөткүчү таралуу багытына байланыштуу болот. Кадимки жана кадимки эмес нурлардын ортосундагы бурч нурдун кош сынуу бурчу деп аталат. Н. к. с. анизотропиялык чөйрөдөгү электр-магниттик толкундардын таралуусунун өзгөчөлүгү менен аныкталат. Жарык толкунун электр талаасы Е зат аркылуу өтүп, андагы электрондорду аргасыз термелүүгө алып келет. Термелген электрондор өз учурунда экинчи жарык нурлануусунун булагы болуп калат.