НУРДАВЛЕТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРДАВЛЕТОВ Сатар (12. 5. 1911, азыркы Чүй обл., Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы - 13. 9. 1990, Жалал-Абад обл., Базар-Коргон району, Ком­сомол айылы) - туңгуч агартуучу. 1932-жылы Фрун­зе педтехникумун бүтүргөн. Кочкор р-ндук ат­каруу комитетинин инструктору (1932-33), ЛКЖСтин Базар-Коргон р-ндук комитети­нин 2-секретары (1933-37), Базар-Коргон р-ндук билим берүү бөлүмүнүн башчысы (1937-38, 1940-44), бөлүмү­нүн башчысы (1938-40), Ачы р-ндук билим берүү комитетинин (1944-45), Ачы рай­комунда бөлүм башчы (1946-48), Базар-Коргон ат­каруу комитетинин (1948-51),

Жалал-Абад облсовпрофтун төрагасы (1951-53), Караван аткаруу комитетинин (1956-58) төрагасы, Жаңы-Жол р-ндук советинин председателинин орун басары (1958-59), партиянын райкомунун 2-секретары (1960-61), Ленин районундагы «Ком­сомол» к-зунун башкармасы (1963-83) болуп эм­гектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин де­путаты (1967-85-ж.) болгон. Ленин, «Ардак Бел­гиси», Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйлан­ган. М. Молдалиева.