НУРДАВЛЕТОВ
НУРДАВЛЕТОВ Сатар (12. 5. 1911, азыркы Чүй обл., Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы - 13. 9. 1990, Жалал-Абад обл., Базар-Коргон району, Комсомол айылы) - туңгуч агартуучу. 1932-жылы Фрунзе педтехникумун бүтүргөн. Кочкор р-ндук аткаруу комитетинин инструктору (1932-33), ЛКЖСтин Базар-Коргон р-ндук комитетинин 2-секретары (1933-37), Базар-Коргон р-ндук билим берүү бөлүмүнүн башчысы (1937-38, 1940-44), бөлүмүнүн башчысы (1938-40), Ачы р-ндук билим берүү комитетинин (1944-45), Ачы райкомунда бөлүм башчы (1946-48), Базар-Коргон аткаруу комитетинин (1948-51),

Жалал-Абад облсовпрофтун төрагасы (1951-53), Караван аткаруу комитетинин (1956-58) төрагасы, Жаңы-Жол р-ндук советинин председателинин орун басары (1958-59), партиянын райкомунун 2-секретары (1960-61), Ленин районундагы «Комсомол» к-зунун башкармасы (1963-83) болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1967-85-ж.) болгон. Ленин, «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. М. Молдалиева.