НОТАРИУС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОТАРИУС (латынча поЪагшв - катчы, секретарь) - ар түрдүү юридикалык актылардын (келишимдер, ке­рээздер, ишеним каттар ж. б.), соода-сатык ж. б. документтердин, алардын көчүрмөсүнүн туу­ралыгын күбөлөндүрүп туруучу кызмат адамы. Н-тар мамлекеттик улук Н., анын орун басары, мамлекеттик Н. болуп бөлүнөт. Н. жарандарга жана уюмдарга өз укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча көмөк көрсөтүп, аткарылган нота­риаттык иш-аракеттердин жашыруун сырын сактоого милдеттуү.