НОТАРИУС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НОТАРИУС (латынча поЪагшв - катчы, секретарь) - ар түрдүү юридикалык актылардын (келишимдер, керээздер, ишеним каттар ж. б.), соода-сатык ж. б. документтердин, алардын көчүрмөсүнүн тууралыгын күбөлөндүрүп туруучу кызмат адамы. Н-тар мамлекеттик улук Н., анын орун басары, мамлекеттик Н. болуп бөлүнөт. Н. жарандарга жана уюмдарга өз укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча көмөк көрсөтүп, аткарылган нотариаттык иш-аракеттердин жашыруун сырын сактоого милдеттуү.