НИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИЛ (египетче азыркы аты - Эль Бахр; латынча №1и8, грекче КеПоз) - дүйнөдөгү эң узун 2 да­рыянын бири (Амазонкадан кийин). Танзания, Уганда, Судан, Египет, Руанда аймактары ар­кылуу агат. Узундугу 6671 км, алабынын аянты 2870 миң кмг. Чыгыш Африка бөксө тоосунан Рука­рара деген ат менен башталып (Кагер д-нын кура­мы), Виктория, Кьога, Мобуту-Сесе-Секо көл­дөрү, бөксө тоолор аркылуу агып, Судан түз­дүгүндө Бахр-эль-Жебель деген ат менен Сэдд саз­дуу аймагын кесип өтөт. Эль-Газаль д-нын ча­тынан Ак-Нил деп аталып, Хартум ш-на чейин жарым чөл, чөл аркылуу агат. Мында эң ири куймасы Көгүлтүр Нилге кошулуп, Н. аталат. Жер Ортолук деңизге куярда көптөгөн салаа­ларга бөлүнүп, дельтаны пайда кылат; негизги кеме жүрүүчү салаалары - Думьят (Дамьетта; чыгышы), Рашид (Розетта; батышы); дельта­нын түндүк бөлүгүн Мензала, Марьют, Руруллус лагуна көлдөрү түзөт. Ибрахимия (Биркет-Ка­рун көлүн, Эль-Файюм оазисин суу менен камсыз­дандырат), -Иемаилия (Суэц каналынын айма­гын тузсуз суу менен жабдыйт), Юсуф ж. б. көптө­гөн каналдары бар. Жогорку агымында Хартум менен Асуан шаарынын аралыгында босоголорду пай­да кылат, алардын бир бөлүгү бийик Асуан пло­тинасы курулгандан кийин суу жайпап калган. Негизги куймалары: Асва, Собат, Көгүлтүр Нил, Атбара (оң), Эль-Газаль (сол). Суу ташкыны Нилдин алабынын экватордук бөлүгүндө жай, кыш, борбордук бөлүгүндө, Судандын түндүгүндө, Еги­петте жай-күз мезгилдеринде байкалат. Орт.

Дарыядагы кайыктар токтоочу жай.

чыгымы Асуанда 2600 м?/се.к (эң көбү - 15000 м?/сек, эң азы - 400-500 м?/сек), чатын­да 2900 м?/сек. Жылдык орт. агымы чатында 73,1 клг3. Жылына 62 миллион м? шиленди агызып келет (анын көбү күрдүү топурактар; алар талаа­ларга, сугат каналдарына, суу сактагычтарга чөгүп калат). Агымын жөнгө салуу, каналда­рын суу менен камсыз кылуу жана ташкын корку­нучунан сактоо үчүн Н-ге жана анын куймалары­на плотиналар (Гебель-Аулия, Асуан, Бийик Асуан), суу сактагычтар (Насер ж. б.) курул­ган. Ири ГЭСтери: Асуан, Наг-Хаммади, Эль­Файюм (Юсуф каналында), Оуэн-Фолс (Викто­рия-Нил д-нда). Балык кармалат. Канал, көл­дөрүндө, Н-де Хартум шаарынан Жуба ш-на, андан ары Нимулдан Мобуту-Сесе-Секо көлүнө чейин, жогорку аймагынын айрым жерлеринде кеме жүрөт. Алабындагы кеме жолунун жалпы узундугу 3,2 миң км. Негизги шаарлары: Александрия (дельтасында), Каир, Асуан (Египет), Хартум (Су­дан). Нилдин өрөөнү (өзгөчө дельтасы) байыр­кы цивилизациянын очокторунан болгон.

Ад.: Попов И. В. Река Нил. Л., 1958.