НИЛ
НИЛ (египетче азыркы аты - Эль Бахр; латынча №1и8, грекче КеПоз) - дүйнөдөгү эң узун 2 дарыянын бири (Амазонкадан кийин). Танзания, Уганда, Судан, Египет, Руанда аймактары аркылуу агат. Узундугу 6671 км, алабынын аянты 2870 миң кмг. Чыгыш Африка бөксө тоосунан Рукарара деген ат менен башталып (Кагер д-нын курамы), Виктория, Кьога, Мобуту-Сесе-Секо көлдөрү, бөксө тоолор аркылуу агып, Судан түздүгүндө Бахр-эль-Жебель деген ат менен Сэдд саздуу аймагын кесип өтөт. Эль-Газаль д-нын чатынан Ак-Нил деп аталып, Хартум ш-на чейин жарым чөл, чөл аркылуу агат. Мында эң ири куймасы Көгүлтүр Нилге кошулуп, Н. аталат. Жер Ортолук деңизге куярда көптөгөн салааларга бөлүнүп, дельтаны пайда кылат; негизги кеме жүрүүчү салаалары - Думьят (Дамьетта; чыгышы), Рашид (Розетта; батышы); дельтанын түндүк бөлүгүн Мензала, Марьют, Руруллус лагуна көлдөрү түзөт. Ибрахимия (Биркет-Карун көлүн, Эль-Файюм оазисин суу менен камсыздандырат), -Иемаилия (Суэц каналынын аймагын тузсуз суу менен жабдыйт), Юсуф ж. б. көптөгөн каналдары бар. Жогорку агымында Хартум менен Асуан шаарынын аралыгында босоголорду пайда кылат, алардын бир бөлүгү бийик Асуан плотинасы курулгандан кийин суу жайпап калган. Негизги куймалары: Асва, Собат, Көгүлтүр Нил, Атбара (оң), Эль-Газаль (сол). Суу ташкыны Нилдин алабынын экватордук бөлүгүндө жай, кыш, борбордук бөлүгүндө, Судандын түндүгүндө, Египетте жай-күз мезгилдеринде байкалат. Орт.
чыгымы Асуанда 2600 м?/се.к (эң көбү - 15000 м?/сек, эң азы - 400-500 м?/сек), чатында 2900 м?/сек. Жылдык орт. агымы чатында 73,1 клг3. Жылына 62 миллион м? шиленди агызып келет (анын көбү күрдүү топурактар; алар талааларга, сугат каналдарына, суу сактагычтарга чөгүп калат). Агымын жөнгө салуу, каналдарын суу менен камсыз кылуу жана ташкын коркунучунан сактоо үчүн Н-ге жана анын куймаларына плотиналар (Гебель-Аулия, Асуан, Бийик Асуан), суу сактагычтар (Насер ж. б.) курулган. Ири ГЭСтери: Асуан, Наг-Хаммади, ЭльФайюм (Юсуф каналында), Оуэн-Фолс (Виктория-Нил д-нда). Балык кармалат. Канал, көлдөрүндө, Н-де Хартум шаарынан Жуба ш-на, андан ары Нимулдан Мобуту-Сесе-Секо көлүнө чейин, жогорку аймагынын айрым жерлеринде кеме жүрөт. Алабындагы кеме жолунун жалпы узундугу 3,2 миң км. Негизги шаарлары: Александрия (дельтасында), Каир, Асуан (Египет), Хартум (Судан). Нилдин өрөөнү (өзгөчө дельтасы) байыркы цивилизациянын очокторунан болгон.
Ад.: Попов И. В. Река Нил. Л., 1958.
