География:ШЫЛУУН МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Борб.Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаз кырка тоосунун түн. капталында.

Сарыжаз суусунун куймасы шылуундун төрүнөн орун алган. Уз. 4,9 км, аянты 5,3 км2. Башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3560 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. Фирн талаасы кенен аймакты ээлеген куралуу облусуна ээ. Мөңгүдөн Шылуун суусу башталып, Сарыжазга сол тараптан куят.