География:ШЫЛУУН МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ШЫЛУУН МӨҢГҮСҮ — Борб.Теңиртоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Сарыжаз кырка тоосунун түн. капталында. Сарыжаз суусунун куймасы шылуундун төрүнөн орун алган. Уз. 4,9 км, аянты 5,3 км2. Башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3560 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. Фирн талаасы кенен аймакты ээлеген куралуу облусуна ээ. Мөңгүдөн Шылуун суусу башталып, Сарыжазга сол тараптан куят.