География:ТЕЛТИ МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
—Тескей Алатоонун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Жетөгүз суусунун оң куймасы – Телтинин башында жайгашкан. Уз. 3,2 км, аянты 3,7 км2. Үч камералуу цирктин таманында жайгашып, үч мөңгүдөн турат.

«Тили» кыска, жазы, орток морена аркылуу үч салаага бөлүнгөн. Башы деңиз деңг. 4450 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3760 м, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгүдөн Телти суусу башталат.