География:ТЕЛТИ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ТЕЛТИ МӨҢГҮСҮ —Тескей Алатоонун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Жетөгүз суусунун оң куймасы – Телтинин башында жайгашкан. Уз. 3,2 км, аянты 3,7 км2. Үч камералуу цирктин таманында жайгашып, үч мөңгүдөн турат. «Тили» кыска, жазы, орток морена аркылуу үч салаага бөлүнгөн. Башы деңиз деңг. 4450 м, этеги 3460 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3760 м, абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгүдөн Телти суусу башталат.