География:ПОГРАНИЧНИКТЕР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызылсуунун алабында. Башы деңиз деңг. 5200 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4600 м, абляция облусунун аянты 4,4 км2. Бир нече төрдөн башталган мөңгүлөрдөн түзүлөт. Мөңгүдөн Кызылсуунун эң чыгыш курамы башталат.