География:ПОГРАНИЧНИКТЕР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ПОГРАНИЧНИКТЕР МӨҢГҮСҮ — Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Кызылсуунун алабында. Башы деңиз деңг. 5200 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4600 м, абляция облусунун аянты 4,4 км2. Бир нече төрдөн башталган мөңгүлөрдөн түзүлөт. Мөңгүдөн Кызылсуунун эң чыгыш курамы башталат.